Матраимовдордун "Азаттык", "Kloop.kg", "24.kg" басылмаларынын үстүнөн жазган арызы боюнча сот отуруму өтүүдө

Бүгүн, 29-январда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун "Азаттык", "Kloop.kg" жана "24.kg" басылмаларына карата жазган доо арызы боюнча соттук отурум уланууда.

Ага Матраимовдордун жактоочулары жана жогоруда аты аталган басылмалардын өкүлдөрү катышууда.

Сот отурумда видеого, сүрөткө тартууга тыюу салынды.

Матраимовдордун жактоочусу Карыжинская "24.kg" басылмасына коюлган доосун алышканын айтты. Матраимовдор фондунун өкүлү буга каршы эмес экенин айтты.

Ал эми "24.kg" сайтынын өкүлү арыз ошол бойдон калып, болгону моралдык зыян төлөөтүүдөн арыз ээси баш тартканын белгилеп, каршы эместигин айтты. Сот бул маселени кароо үчүн кеңешме залга кирип кетти.

Буга чейин "24.kg" жазган темасына далил жок экендиги боюнча материал жарыялары жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alimbek1000
2020-01-29 14:36:56
Матраимовдор азаттыкты да кечирим суратчудай го
+1
Absamat-90
2020-01-29 14:39:28
Журналисттер далили так болсо, сурактар качпайт болчу. Эгер чындап коомду уурулардан тазалоону коздосо соңуна чейин бармак. Президент өзү коопсуздугуна кепилдик берди. Иликтөө негизги ар тараптуу болуп эксперттердин ою чагылдырылышы керек эле.
0
JaneEr
2020-01-29 14:47:46
Миллион акча болсо чындык чыркырайтта.Акчага сатып алат даже азаттыкты дагы.
+2
altyn-kumush
2020-01-29 15:04:06
Соттор калыстыгын корсотушсун. Куноосу болсо Раим болобу, башкасы болобу жооп берсин...ММКлар жалган маалымат таратышкан болсо,жазасын алып журналисттик кесипти жон эле коюшу керек
+2
chake
2020-01-29 15:40:49
ачыгын эле айтпайбыз азаттык деле биз болгону заказды аткардык деп
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан