Равшан Жээнбеков Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна кайрылды

Равшан Жээнбеков Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна кайрылды. Анда кайрылуу төмөндөгүдөй.

"Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен СИЗО-1дин 7-8 кызматкери жана подполковник башында турган топ 28-январь күнү саат 22:00 чамасында камеранын ичине тинтүү жүргүзүштү. Анда алар өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, тамак-аш, кийим-кече жана гигиеналык буюмдарды полго коюп, кайра алардын үстүнөн тебелеп, тинтүү жүргүзүштү. Тинтүү эки саатка созулуп, андан кийин мен жана башка шектүүлөр чачылган буюмдарды үч саатка жакын жыйнаштырдык. Ошондой эле камерадагы башка шектүү чарчагандыктан улам өзүн жаман сезип, полго кулап түштү. Ал эми дагы бир шектүүнүн кан басымы көтөрүлүп кетти. Мындан улам биз түндө медициналык жардам чакырып, ал түнү эч кандай эс алган жокпуз. Ал эми бүгүн саат 08:00дө тергөө материалдары менен таанышканга бармакмын. Бирок түндөгү иштер менин нормалдуу түрдө иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген жок", - деп жазган ал.

Ал эми Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна байланышканыбызда, кайрылуу келип түшкөнүн, азыр аталган иш боюнча тийиштүү кызматкерлер СИЗО-1ге кеткенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhaku2017
2020-01-29 17:09:58
Кайрылгандан пайда жок. Эгер Раим Матраимовтун туугандарынар болсон эчак бошотуп коймок. Сокенин саясаты ошондой экен да.
0
Taku.14.02
2020-01-30 04:18:07
zhaku2017, эн тура крассавчик
0
Migrant-rf
2020-01-29 22:51:44
Сага окшогондорго булда аз. Сен акшынын гейлерин колдоп, өз абийриңди давно төккөнсүң.
+4
guard
2020-01-29 23:35:58
Милициялар жаман калк болот негизи, орой, текебер, согунчоок. Акчалуу же бир чиновниктин тууганы болуп калсан ошол замат озгорушот, башкача, жан тарткан адам боло калышып!
+1
bond02
2020-01-30 10:13:44
3 саат жыйнагыдай эмне буюмдарын бар эле ал жерде, же кочуп барып алгансынбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан