ЖЭБ соту: "Отурумда Исаков ЖЭБди бизнес долбоор болгон дегендерге жооп берди"

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жактоочулардын суроолоруна жооп берүүдө.

"2013-жылы энергетика тармагындагы жаңы долбоорлорду Айбек Калиев жана анын командасы жасай баштаган. Азыркы бийликтегилер биз жасадык деп уялбай айтып жатышат.

Бишкек стратегиялык участок. Бул жакта 1 миллион 200 миң адам жашайт. Борбор калаанын абалынан бүткүл өлкөнүн абалы көз каранды. ЖЭБди жаңылоо бул социалдык долбоор болгон. Аны кандайдыр бир материалдык пайда табуу үчүн эмес, кезектеп өчүрүүлөрү болбошу үчүн, шаарда жылуулук болушу үчүн ишке ашырганбыз. Ошондуктан ЖЭБди бизнес долбоор дегендер жаңылышат!", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bessmertiy
2020-01-29 18:17:12
Сот аны сураган жок. Жеп койгон миллиондорду сурап атат. ЖЭБди оңдоп-түзөөнү баары эле колдогон. Бирок ошого алынган акчаларды жебегениңерде азыр эл өзү эле колдоп алмак.
-1
zhaku2017
2020-01-29 18:20:41
Жэп койгон миллиондорду Исаковтон эмес, Сооронбай Жээнбековтордон сураш керек. Убагында Сооронбай Жээнбеков далай иштерди жасаган. Азыр Сооронбайды да сурака алыш керек.
0
chake
2020-01-29 19:48:15
zhaku2017, жалганды да эптеп айталбаган бир дөөпараз экенсин го Сапар 630 долларга кычкачты алганын эл билбейт деп ойлойт окшойсун
0
Mister-X
2020-01-29 22:03:39
zhaku2017,Сен билсен айтып чыкпайсынбы?Далилин барбы?Бизде демократия заманы.Эгер Жээнбековдун куноосун далилдеп берсен,эл сени колдоп алат.Жок,Сапардын тууганы болуп,жон эле жалаа жаап жатсан,аны да элдер билип турушат.Сапар акен актанса деле эл билип турбайбы..
0
chake
2020-01-29 19:49:14
Сапар Тарых музейдин жыгач аттардын ар бирин 14 000 евродон алган боюнча качан жооп берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан