Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин кол астында жалпы 34 балбан окуу-машыгуу жыйынын өтүүдө. Бул окуу-машыгуу жыйыны алдыда боло турган Азия оюндарына жана "Токио-2020" олимпиадасына тандап алуу үчүн Кытай менен Болгарияда өтчү турнирлерге даярдык катары болмокчу.
Окуу-машыгуу жыйынында жүргөндөр:
55 килограммга чейинки салмак ченинде - Сардарбек Конушбаев, Балбай Дордоков, Нурмухамед Абдуллаев жана Азамат Боронов;
60 килограммга чейинки салмак ченинде - Калы Сулайманов, Жоламан Шаршенбеков, Дастан Кадыров;
63 килограммга чейинки салмак ченинде - Тынар Шаршенбеков, Рустам Тейишов, Элдияр Сатаров жана Азиз Замиров;
67 килограммга чейинки салмак ченинде - Марлен Асикеев, Халмурат Ибрагимов, Нуржигит Кеңешбек уулу жана Эрбол Бакиров;
72 килограммга чейинки салмак ченинде - Руслан Царев жана Роман Царев;
77 килограммга чейинки салмак ченинде - Кайрат Түгөлбаев, Ренат Ильяс уулу, Эрлан Чопбай уулу, Бексултан Назарбаев жана Акжол Махмудов;
82 килограммга чейинки салмак ченинде - Самат Чоңоралиев, Рустам Рахматулаев, Элбек Урайимов;
87 килограммга чейинки салмак ченинде - Азат Салидинов, Калидин Асыкеев, Мелис Айтбеков, Аманкелди Талантбек уулу, Атабек Азисбеков;
97 килограммга чейинки салмак ченинде - Бексултан Махмудов, Данияр Шеримбеков жана Үзүр Жусупбеков;
130 килограммга чейинки салмак ченинде - Мурат Рамонов жана Роман Ким.