Матраимовдордун "Азаттык", "Клооп" жана "24.kg" басылмасына койгон доосу боюнча соттук отурум 11-февралга жылды. Ага чейин "Азаттык" менен "Клооп" маалымат каражаттарынын өкүлдөрү доогер тарап талап кылып жаткан далилдерди "Халык Банктан" алуу үчүн соттун кайрылуусун жөнөтүү өтүнүчүн келтиришти. Муну жактоочулар өз алдынча алуу мүмкүн болбой жаткандыгы менен түшүндүрүштү. Сот бул өтүнүчтү ачык калтырып, отурумду башка күнгө жылдырды.