Футболчу Криштиану Роналду Инстаграмда катталуучусунун көптүгү боюнча рекорд койду

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Инстаграмда рекорд жараткан жылдыздардын сап башынан түшпөй келет. Роналдунун жеке жашоосуна, карьерасына кызыгып, ага катталгандардын саны 200 миллиондон ашты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Роналдудан кийинки орунда америкалык ырчы Ариана Гранде турат. Бул ырчыга катталгандардын саны 173 миллион. Ал эми 3-орунда 170 миллион катталуучусу менен америкалык актёр Дуэйн Жонсон турат.

Салыштыруу иретинде, Инстаграмдын өзүнүн расмий баракчасында 330 миллион катталуучусу бар. Бул кетиште көп катталуучусу бар жылдыздар Инстаграм социалдык тармагынын расмий баракчасынын рейтингине бат эле жетип, ашып түшчүдөй.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AksyKum
2020-01-30 09:51:52
Той бербесе деле болот экен а.Анжелика менен Самара 1млн болгондо той берсе ии созсуз той бериш керек турбайбы деп журот элем.
+3
bond02
2020-01-30 10:16:42
Оо бизде бироо жарымдын подписчиги ушунча болгондо 7 областта той отмок да.
+2
kuttubekuzgen
2020-01-30 10:30:40
Биздин жылдыздар кобу раскрутка кылышат инстаграммын, катталган аккаунтардын кобу не активный аккаунттар. Озунор деле ойлонсонор 6 миллион кыргыздын канчасы инсаграмм колдонот?
+1
Dembele84
2020-01-30 23:20:29
Роналдунун 200млн подписчигинин 50млну фейк болуп чыкты! Мындайча айтканда 25%ти жасалма экен!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан