Атактуу Болливуд жылдызы жана "Дүйнө периси" наамынын ээси Приянка Чопра "Матрица" тасмасынын 4-бөлүгүндө тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда "Warner Bros." жана "Village Roadshow" компаниялары менен актрисанын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Актриса тасмада кимдин ролун жаратары азырынча маалым эмес. Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, Чопра Киану Ривз, Кэрри-Энн Мосс, Нил Патрик Харристердин катарына кошулат.
"Матрицанын" 4-бөлүгү Түндүк Калифорнияда жакында тартылып баштамакчы. Бет ачары 2021-жылы 21-майга пландалууда.