Футзал боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасы (U-19) Казакстандын чемпиондугуна катышууда

28-январдан баштап Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча жаштар курама командасы (U-19) башкы машыктыруучу Андрей Пестряковдун жетекчилиги астында Казакстандын чемпиондугуна катышуу үчүн Алматы шаарына барышты. Бул тууралуу Футбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Турнир 29-январда башталып, биринчи күнү Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы казакстандык «Актөбө» командасын 5:0 эсебинде утуп алды. Бул мелдеште 2001-2002-жылы туулган футболчуларга кароо өткөрүү жана техника-тактикалык учурларды өздөштүрүү негизги максаттардын бири болуп саналат.

Турнир Алматыдагы "Кайрат" спорт комплексинде 1-февралга чейин уланат.

Кыргыз улуттук курама командасынын (U-19) тизмеси: Абдурашид уулу Арген, Жоодарбек уулу Айдос, Мухаммад Аскарбеков, Шайбек уулу Исхак, Жамшидбек Ибайдулаев, Кубатбек Арапов, Эрлан Султанов, Айбек Сүйөркулов, Азамат Рахманкулов, Токтобек уулу Намыс, Нурлан уулу Улан, Аман Андабеков, Бектур Ильясов жана Тариэль Абжалбеков .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан