Айга чогуу учуп барганга сапарлаш издеген япониялык миллиардер сынагын токтотту. Сынакка 27 миңден ашуун кыз катышкан

Япониялык миллиардер Юсаку Маэдзава өзү менен чогуу айга учуп барып келгенге жарыялаган сынагын токтотту. Бул тууралуу миллиардер өзүнүн "Twitter" баракчасына жазып калтырган.

"Менин бул жарыялаган конкурсума көп адамдар нааразы экенин түшүндүм. Бул жоругум үчүн баардыгыңыздардан кечирим сурайм жана конкурска катышкандарга чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем", - деп жазган миллиардер. Сынак жарыялангандан бери катышам деген кыздардын саны 27 миң 700гө жеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин миллиардер Айга алып барам деп кыздар арасында сынак жарыялагандыгы тууралуу жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан