"Күйөө деген болсо, анда ушул жигиттей болсун!". Дудь маек алган каарман мактоолорго "көмүлүп" жатат

"Күйөө деген болсо, анда ушул жигиттей болсун!". Орусиялык блогер Юрий Дудь маек алган кезектеги каарман Алексей Щербаков учурда социалдык тармактарда мактоолорго "көмүлүп" жатат.

"Мен жубайымды өмүр бою издегем, элестетесиңби? 8-классымда аны бир көрүп сүйүп калгам, анан ага жабыша берчүмүн. Бирок ал мени "ары барчы" деп салчу. Ал кыз менин кыялым эле... Анын артынан мектепте окуган кезимде калбай чуркап жүрдүм. Мен ага "экөөбүздүн уулубуз болот, сөзсүз үйлөнөбүз" деп айта берер элем.

Сүйүү үч жыл жашайт деп коюшат. Бирок жубайым экөөбүздүн мамилебизге 10 жыл болгону калды, көрүшпөй калсак, жанымда бирге болбогонуна кейип кетем. Аны ар көргөн сайын тээ мектепте окуп жүргөн кезимдегидей сезимдер болуп турат. Мен жубайымды өтө жакшы көрөм! Эч качан анын көзүнө чөп салган эмесмин! Ал аябай сонун адам. Анын жанында болуу үчүн жубайым тапшырган институтка да тапшыргам, бирок өтпөй калгам", - дейт Щербаков.

Куудул Алексей Щербаковдун жубайы тууралуу айтып берген бөлүгүн социалдык тармактын колдонуучулары жалпы маектен кесип алып, бөлүшүп жатышат. Дээрлик баары атактуунун аялына карата сүйүүсүнө суктанып, "күйөө деген болсо, анда ушул жигиттей болсун!", "менин болочоктогу жолдошум ушундай болушун каалайм" деген өңдүү билдирүүлөрдү жазып жатышат. Ошондой эле "Щербаков аялын жакшы көргөндөй, мен ... жакшы көрөм" деп өз версияларын сунуштагандар да жок эмес.

31 жаштагы Алексей Щербаков Орусиянын куудулу, «Stand Up» долбоорунун жана "Что было дальше?" интернет шоу берүүнүн катышуучусу катары таанымал. Жубайы Елена Щербакова менен эки уулдун ата-энеси.

Щербаковдун жубайына болгон сүйүүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Migrant-rf
2020-01-30 20:23:05
Анан? Ошондо эмне кыла турган болуп жатабыз?))
+6
Maguska555
2020-01-31 12:38:16
Migrant-rf, бошонуп келип жат, эмне кылмак элен?)))₽
+2
Baktyluumun98
2020-01-30 21:32:16
Жакшы экен. Молодец Щербаков!
+4
nuke-85-85
2020-01-31 12:48:01
Сен козуно чоп салбасан, анда аялындан этия бол. Аялын чоп салып журбосун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан