Токио 2020: Кыргыз курама командасынын формасын кытайлык компания бекер даярдап берет

Кытайдын "Tectop" компаниясы "Токио 2020" олимпиадасынын катышуучуларына бекер форма даярдап берет. Бул тууралуу Улуттук Олимпиадалык Комитетинен билдиришти.

Бул компания 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында да кыргыз курама командасына бекер форма даярдап берген.

Маалыматка ылайык, Улуттук Олимпиадалык Комитет спорттук форманы гана даярдамакчы. Ал эми параддык форманы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги даярдайт, ошондой эле буга чейин бул форманы даярдоого 5 миллион сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
TalaCSKA
2020-01-30 18:01:30
Деги эле китайский нерселерден алыс болсок дейт элем бут жаман нерселердин баары китайский!
+6
rysik79
2020-01-30 18:16:28
Болгону 4 спортчу барса тигип бербей эмне. Ээрчип шылтоо менен барганы 40 адам. Ошону менен Кыргызстандан 44 адам деп урдура бермей да
+7
Kyrgyz_bloger
2020-01-30 18:30:31
Ошол 5-6 спортсменге озубуздо эле тиге алышпайбы?
+11
kamchatka
2020-01-30 18:32:21
Озум эле тигип берейинчи бети жок окмот уялгылачы кичине бир жеринерди арчып бер деп айта бергиле эми Кытайларга жеги онолосунарбы силер!
+9
Alinur96kg
2020-01-30 18:41:39
Биз кытайга жармашып калдыкпы же кытай бизге жармашып атабы?
+9
Migrant-rf
2020-01-30 19:04:32
Байкуш, тилемчи чоңдорубузга кытайдын ичи ачыштыда))).
Тиги олимпиадада орто параддан өткөндө телефонсуз эле өткүлөчү айнанайындарым, итак эле миңдген сүрөт, фотолорго тартып жатышатко айланаңарда, ошол жететта, анын үстүнө бүткүл дүйнө көрүп турат, ошолда жетпей, өзүңөр видеого тартып жатасыңар, аны кимге көрсөтөсүңөр баары көрүп отурса?))).
+6
Myrza.aksy
2020-01-30 19:48:52
Форма даярдаш колубуздан келбейби?
+2
Aimani
2020-01-30 22:37:26
Кытай болсо эле бекер жасап калышсын. Чо то ишенбейтам
+1
Belek1710
2020-01-30 22:37:40
Эмне көп бизде тигүү цехтери толтура го, 5млн. бөлүндү деп да жатасыңар. Тигүү цехи бар млн.доп улак берип жатышат, ошолор деле тигип берсе керек бекер, реклама дагы болмок. Жармашып жатып калды биротоло Кытайга биздин бийлик!
+1
keku00
2020-01-30 22:47:03
Акча кетсин, намыс кетпесин.
+1
ABAkg86
2020-01-31 00:05:28
Шермендечилик, шермендечилик дагы шермендечилик. Бийликтин намысы, абиири ушулбу?! Бийликтегилер деген макамдын астында мамлекеттуулук, улуттук кызыкчылык, деги элди-жерди ойлогон азамат барбы?
0
Alinur96kg
2020-01-31 04:31:44
ABAkg86,отурушат да былтыйып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан