ЖАМК Равшан Жээнбековдун билдирүүсү боюнча жооп кайтарды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Равшан Жээнбековдун билдирүүсү боюнча жооп берди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

"Равшан Жээнбеков отурган СИЗО-1деги камерадан 3 телефон табылды. 28-январь күнү саат 21:30 чамасында ЖАМКтын борбордук аппаратынын кызматкерлери пландык эмес тинтүү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында жашылча-жемиш сакталган идиштен 2 телефон, дагы бирөө самындын жардамы менен катылган. Телефондордун баарында сим-карта болгон. Тинтүү саат 21:30дан 22:30га чейин гана жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча акт түзүлүп, табылган телефондор боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кызматкерлер тамак-ашты чачып, тебеледи деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ички тартип бузганы үчүн камерадагы адамдардын баарына эскертүү берилди. Дагы мындай бузуулар кайталанса катуу чаралар колдонулат", - деп жазылат маалыматта.

Равшан Жээнбеков Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна кыйноолор болгонун айтып, кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2020-01-31 09:10:57
Буга окшогон гей шакалы ошондон нары элдин козуно корунбой турган кылып жок кылгыла
+4
toktor89
2020-01-31 11:15:36
Камерадагылар сактанса экен гейден
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан