Бишкек мэриясы бир топ убакыттан бери "мыйзамсыз курулган, шаардын көркүн бузууда" деп бир катар курулуштары сүрдүрүп тазалап келет. Мунусун жакшы деш керек. Мыйзамсыз курулган имараттар бузулуп, шаардын архитектуралык көрүнүшү тартипке келиши туура. Бирок бул "кара тизмеге" жалаң карапайым калктын илинип жатканын белгилеп коюу зарыл. Буга чейин Мурас-Ордо, Жеңиш сыяктуу конуштарда ондогон үй-жай бузулганы маалым. Бүгүн, 20-августта Арча-Бешик жаңы конушундагы бир үй сүрдүрүлдү. А бирок далайдан бери ызы-чуу жаратып келе жаткан "Ататүрк" сейил багынын аймагындагы хан сарайларга кол тие элек. Болбосо, ал аймактагы үйлөр да убагында мыйзамсыз, акчалуу байлардын аракети менен курулганы бештен белгилүү. Хан сарайларды сүрдүрүү боюнча убагында далай дымактуу аракеттерден эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ал үйлөрдү бузуу эмес, үй ээлеринен электр энергиясы үчүн төлөм чогултуу кыйын экени быйыл кышында белгилүү болгон. Светке акча төлөбөгөн "ак сөөктөр" тууралуу материал даярдап жүргөн журналист үй ээси тарабынан токмоктолгон. Айтчу сөз, мыйзамсыз курулган имараттарды бузууну өкмөт ошол сейил бактын айланасынан баштаса жарашмак. Акчалууга башкача мамиле, чөнтөгү жукага башкача мамиле жасаган өкмөттүн аракети качан токтойт болду экен?..