Криштиану Роналдунун Инстаграмдагы 200 миллион катталуучусунун 50 миллиону фейк болуп чыкты

Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун Инстаграм баракчасындагы 200 миллион катталуучусунун 50 миллиону фейк аккаунттар болуп чыкты. Бул тууралуу британиялык "The Sun" гезити жазып чыкты.

Гезиттин редакторлору 34 жаштагы футболчунун аккаунтун HypeAuditor (аналитикалык платформа) аркылуу текшерип көрүшкөндө 25,1 пайыз катталуучулар фейк болуп чыккан. Ошондон улам басылма "Роналду жасалма жол менен катталуучунун санын көбөйткөн" деген тыянакка келишкен.

Эске салсак, буга чейин Криштиану Роналду Инстаграм баракчасындагы катталуучусунун көптүгү боюнча рекорд жаратканы тууралуу жазганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aituwas
2020-01-31 11:55:04
биздикилер 1млнго жетсе суйунуп жатса 200млн дейт го
+3
nuke-85-85
2020-01-31 12:38:07
Кришти эмне бекерчи беле катталуучуларынын санын кобойткудой.
+10
make2
2020-01-31 22:15:34
Кристинанын аркасынан канча деген адамдар акча таап жатат ошолор кылатда а криш инстасына карабаса керек
+1
Munarbek98
2020-02-01 04:12:12
Бизде каталуучу 1 млн болсо той берет. Синий галочка алса да жазышат гезит бетин толтуруп.
0
Adi010891
2020-02-01 09:48:30
Анда жанагы Самаш менен Анаштын (Анжелика) деле Инста катталуучуларынын жарымы фейк аккаунт болсо керек ыя тууган дар?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан