19-августта кыргыз-казак чек арасында аткезчилик жол менен жүк ташып бара жаткан 2 унаа кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Автоунаалар Чүй чек ара отрядына тиешелүү аймактан кармалган. Текшерүү учурунда унааларга жүктөлгөн жүктүн тиешелүү документтери жок болуп чыкты. Анда кийим жана бут кийимдер болгон. Жүктүн ээлери казакстандык жарандар экендиги белгилүү болуп, тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилди.