Дүйнө жүзүндөгү эң сейрек кездешүүчү 12 баалуу таш

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө табият тартуулаган, сейрек кездешүүчү баалуу таштардын 200 түрү белгилүү. Баалуу таштардын катарында табигый алмаз, изумруд, сапфир, александрит, табигый бермет, ошондой эле өтө сейрек кездешүүчү жана баалуу таштардан эки эсе жогору бааланган таштар дагы бар. Алар кайсы таштар экендигин тизмектеп көрдүк.

1. Грандидьерит

Грандидьерит ташы Мадагаскар аймагында табылган. Ажайып кооз ташка изилдөөчү Альфред Грандидьенин аты ыйгарылган. Бул ташта ак, жашыл жана ачык көк болгон 3 түс айкалышкан. Иштетилбеген грандидьерит ташынын алгачкы үлгүсү 29 миң долларга сатып алынган. Бүгүнкү күндө аталган таштын 8 чыныгы минералы бар экендиги белгилүү.

2. Еремеевит

19-кылымда окумуштуу Павел Еремеев өзгөчө таш таап алган, алгач аны аквамариндин өзгөчө түрү деп ойлогон. Кийинчерээк ал өз алдынча турган минерал экендиги аныкталган. Мындай таш бир жылда кеминде үчөө гана табылат, ал эми анын бир каратына болгон баа 2 миң доллардан башталат. Еремеевит ташынан жасалган зер буюмдар антиквардык ювелирдик жасалгага тете бааланат.

3. Мажорит

Мажорит ташы физик Алан Мажориттин атынан коюлган. Бул уникалдуу минерал сыя-көк түстө болгондуктан, аны сыя-көк гранат деп да аташат. Мажорит ташы алгачкы жолу Батыш Австралиядан табылган. 4,2 карат салмагындагы минерал 6 миллион 800 миң долларды түзгөн.

4. Тааффеиит

Сейрек кездешүүчү тааффеиит ташын биринчилерден болуп ирландиялык окумуштуу Таафф 1945-жылы тапкан. Ошондон улам бул ташка окумуштуу Тааффтын аты ыйгарылган. Чыныгы тааффеиит ташын эки түстүн сынуу эффектиси аркылуу аныкташат. Анын бир каратына болгон баа 10 миң долларды түзөт.

5. Бенитоит

Бенитоит каныккан көк түстөгү, ультра-сыя нурунун таасири астында ак-көк түскө чагылуу жөндөмүнө ээ болгон таш. Уникалдуу минерал АКШнын Сан-Бенито аймагында гана табылгандыктан, Калифорния штатынын символу болуп эсептелинет. Иштетилген бенитоит ташынын бир каратына болгон баа 4 миң долларга чейин жетет.

6. Пейнит (паинит)

Кызыл, ток сары түстөгү таш англиялык окумуштуу Артур Пейндин атынан коюлган. "Гиннесстин рекорддор китебине" сейрек кездешүүчү минерал катары кирген. Өтө сейрек кездешкендиктен, дүйнө жүзү боюнча жетөө гана табылган.

7. Кызыл бриллиант (кызыл алмаз)

Түстүү баалуу таштардын ичинен эң сейрек кездешкени кызыл бриллиант. Бир каратына болгон орточо баа 1 миллион долларды түзөт. Анын табигый түсү кочкул кызыл. Бул таштын мекени Батыш Австралиядагы Аргайл өрөөнү болуп эсептелинет. Дүйнө жүзү боюнча 50гө жакын гана кызыл бриллиант бар.

8. Жадеит

Ювелирдик жадеит ачык жашыл жана изумруд түстөгү сейрек кездешүүчү таш. Жадеит ташынын "Империал" сорту эң баалуу болуп эсептелинет. Эн чоң жадеит 2 миллион долларга бааланган.

9. Пудреттит (Поудреттеит)

Күлгүн түстөгү пудреттит ташы канадалык үй-бүлө Пудреттин урматына коюлган. Бул үй-бүлө аталган таш табылган жерге ээлик кылышкан. Баалуу таштардын катарын толуктаган пудреттит сейрек кездешет. Салмагы 9,41 каратты түзгөн ювелирдик сапаттагы таш алгач 2000-жылы Мьянмада табылган. Бүгүнкү күндө пудреттит ташынын негизги камсыздоочусу Канада болуп эсептелинет.

10. Кызыл берилл

Кызыл берилл же кызыл изумруд биринчи жолу 1904-жылы америкалык минералог Биксби тарабынан жазылган. Анын химиялык анализи аквамарин жана изумруд менен болгон байланышын көрсөткөнү менен, эң сейрек кездешүүчү минерал болуп эсептелинет. Кызыл берилл бир гана АКШда кездешет. Кызыл бериллдин эң чоңу 10 караттан ашпайт.

11. Александрит

Өзүнүн түсүн өзгөртүүчү касиетке ээ болгон укмуштуудай александрит ташы алгачкы жолу 1830-жылы Орусиянын Урал аймагында табылган. Ага орус падышасы Александр II`нин аты ыйгарылган. Күндүн нурунан анын түсү көк-жашыл болсо, чырактын жарыгынан кызыл-сыя түстө чагылышат. Салмагы 1 каратка чейинки александрит ташынын баасы 15 миң долларга бааланса, 1 караттан жогоркусу 70 миң долларга чейин жетет.

12. Кара опал

Кара опал агыш түстөгү кооз таш. Аны айлантканда жаркыраган түстөргө чагылышат. Ал Австралиянын Лайтнинг-Риж шахтасында гана кездешет. Кара опалдын түсү канчалык күңүрт болуп, ал эми чагылышуусу жарык болсо, ошончолук баалуу болот. Кара опалдын эң баалуусу "Aurora Australis" болуп эсептелинет. Ал 2005-жылы 763 миң долларга сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talaa11
2020-01-31 22:16:18
Мен уйумдун фундаментин жалан ушундай таштар менен куйдургамын кийин акча керек болгондо чекесинен бирден чыгарып сатып турам деп
-4
Samatalibei
2020-02-01 01:19:39
talaa11, Сонун уй салган турбайсынбы, Эми Сенин уйундо чон чон чычкан адамдар пайда болот турбайбы.
-2
Baktyluumun98
2020-02-02 03:50:02
Мен ушундай таш таап алсам ээ. Кыялдар орундалат. Эн негизгиси ден-соолук болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан