
Чехиянын аймагында сасык тумоо күч алып, анын кесепетинен 12 адам каза болду. 100 миң адамдын ичинен 1 миң 865и сасык тумоо менен жабыркап, каттоодон өтүп жатканын чет элдик басылмалар өлкөнүн санитардык башкы дарыгеринин маалыматына таянып жазып чыгышты.
"Мамлекеттик саламаттыкты сактоо институтунун маалыматына ылайык, сасык тумоо эпидемиясы республиканын бардык аймактарына жайылган. Ооругандардын көбү улгайгандар жана жаш балдар. Сасык тумоонун өтүшүп кеткендигинен 12 адам көз жумду. Өткөн аптага салыштырмалуу ооругандардын саны дагы көбөйдү", - деген башкы санитардык дарыгер Эва Готтвальдова.
Сасык тумоонун күч алганына байланыштуу Чехиядагы балдардын айрым мекемелери жабылып, дарыланып жаткан бейтаптарды көрүүгө ооруканаларда тыюу салынды.