Улуу Британия Европа бирикмесинен чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Падышалыктын басымдуу жашоочулары колдогон 3 жарым жыл мурунку референдумдан кийин Улуу Британия Европа биримдигинен чыкты.
Британиянын биримдиктен расмий түрдө чыгарынан бир саат мурун премьер-министр Борис Жонсон элге кайрылып, алардын алдыда күтүп турган жаңы жетишкендиктерине токтолгон. "Эгер биз баарын туура кыла алсак, менимче, биз өлкө ичинде гана эмес, анын сыртында да ишенимге ээ боло алабыз", - деген.
Эске салсак, Улуу Британия Европа биримдигинин курамында болгон 47 жыл ичинде толук жуурулушуп кеткен эмес. Падышалык өзүнүн валютасын сактаган жана Шенгенге кирген эмес.