АКШ элчиси Кыргыз өлкөсүнө киргизилген визалык чектөөлөр тууралуу билдирүү таратты

АКШнын бир катар өлкөгө, анын катарында Кыргыз өлкөсүнө киргизген визалык чектөөсү тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу билдирүү таратты.

"Бизге Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн АКШнын визалык чектөөлөрү тууралуу көп кайрылып жатышат. Бул толук чектөө эмес. Биз визаларды туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга берүүнү уланта беребиз. Бул чектөөнүн негизинде бир да визаны жокко чыгарган жокпуз. Эгер сиз буга чейин виза алган болсоңуз, АКШга бара бересиз. Вашингтон визалардын эки категориясын берүүнү токтотууну чечти: иммигранттар үчүн жана бир катар өлкөлөр, алардын катарында Кыргыз өлкөсүнүн (грин-карт) виза лотереясынын катышуучулары үчүн. Биз бир нече убакыттан бери Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү менен кыргыз паспортторунун коргоо деңгээлин жогорулатуу, террорчулук тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Бул чечим Кыргыз өлкөсүнүн аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деп үмүттөнөбүз. Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү өнүгүүгө көз салып турат. Андыктан бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүт кылабыз", - деген элчи билдирүүсүндө.

АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси визалык чектөөлөр боюнча кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
erast
2020-02-01 13:58:04
Кичине акча берип каалаган бандит, террорист КР паспорт алып жатат. Туура кылат АКШ!
+13
Kyrgyz_bloger
2020-02-01 14:08:09
Буга биздин акча учун баарына даяр адамдар куноолуу,либой терористтен эле кыргыз паспорту чыкса,кээ бир озун гана ойлогон акылдуулар кереги жок визан,кирбей эле койдук деп жатышат,бирок силерден башка да адамдар бар да,барып иштеп Кыргызстанга акча салып жатат,Казакстан визасы жок киргизгиле деп суранган бир жолу,а биздегилер орустун короосун шыпырып журо беребиз дегендей керсейишет.
+7
Alimbek1000
2020-02-01 14:30:44
Американын өзүнө жараша мамиле кылыш керек. Алар бизге чек койсо биз да аларга чек коёбуз. Какой привет? Такой ответ!
+1
Jaznura
2020-02-01 14:31:24
Актанып жатат го.
+1
Bars88
2020-02-01 14:53:21
Жаап салгыла элчилигин.Пайдасы жок баары бир биз учун
+1
zhaku2017
2020-02-01 15:04:23
Кыскасы, Кыргызстандын кадыр баркы бир топ ылдый тушту. Эми Россия дагы ушундай жолду тандап баштайт. Нигерия менен Судан африка олколорунун катарына кошулуптурбуз. Уят болдук. Дуйнолук жанылыктардын баарында Кыргызстан журобуз.
+12
nazarnew
2020-02-01 15:16:17
Американын нафиг пайдасы бар, пусть элчилиги менен кошо жоголсун өздөрү жакка,
-2
chake
2020-02-01 16:11:00
Америкага виза жок эми качкын ууруларыбыз каяка качат болду экен
+1
Kyrgyz_bloger
2020-02-01 17:18:29
chake,мигранттарга жок,саясатчы ууруларда дипломатиялык паспорт бар да.
+5
Glucke
2020-02-01 18:12:10
Мамлекет кунолуу, эгер кыргыз паспортун озбегинде, тажигине, кытайына деле сата бербегенде мындай болмок эмес.
+6
bekmaral
2020-02-01 18:54:03
Эн туура мен да ошондой кылмакмын.Корунгон террористтин колунан кыргыздын паспорту табылат.азыркы заманда.Буга паспорт саткан коррупционерлер жана аларды козомолдой албаган мамлекеттик бийлик шалаакы.Мына Кыргызстандын эл аралык абройу.Эшегине жараша тушагы.
+5
bekbol2006
2020-02-02 02:08:39
Россияда Озбек Тажик жарандары миндеп саналат кыргыз паспорт алып жургон
+3
Sahka
2020-02-02 11:21:13
ТИМ чычалап койот дагы.Кыргыз паспорту товар катары эле сатылып жатса, албетте оз коопсуздугун ойлогон олко чектоо киргизет да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан