"Семиз" деп айтканы үчүн кесиптешин өлтүрүп, өрттөп салган

Индонезия тургуну шылдыңдаганы үчүн кесиптешин муунтуп өлтүрүп, өрттөп салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

27 жаштагы Али Хери Санджайя жана 18 жаштагы Росида бала кезден кошуна жашап, ресторанда чогуу иштешкен. Росида Санджайянын ашыкча салмагын баса белгилеп, дайым элдин көзүнчө семиз деп шылдың кылып келген. Ошонун айынан Санджайя өзүн жаман сезип, толуктугун кемчилик катары көрүп калган. 24-январь күнү Санджайя Росиданын мотоциклин айдап, үйүнө жеткирип коюуну сунуштап, кокос өсүүчү талаага барганда аны муунтуп өлтүрүп, алдын ала даярдап койгон бензин менен өрттөп салган.

Кесиптешин өлтүргөн соң кыздын мотоцикли менен уюлдук телефонун алып, 5 миллион 200 миң индонезия рупийине (25 миң сомдун тегереги) сатып жиберген. Ал акчаны карыздарына берген. Росида үйүнө келбегенинен үй-бүлөсү полиция кызматына кызынын жоголгондугу тууралуу кабарлашат. Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү мейманканада жашынып жүргөн жеринен кармап, камакка алышкан. Эми Санджайяны өлүм жазасы же 20 жылдан ашуун мөөнөт же өмүр бою эркинен ажыратуу чечими күтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
AksyKum
2020-02-01 16:19:28
Ырас кылыптыр багып койгонсуп же семиздигин ошо котруп жургонсуп Антип айтканга акысы жок болчу
+2
bessmertiy
2020-02-01 17:20:12
AksyKum, Сен да семиз окшойсуң?
+2
AksyKum
2020-02-01 18:14:41
bessmertiy,сенден арыгыраакмын
+3
AksyKum
2020-02-01 19:13:30
bessmertiy,Сенин кемчилигинди бироо Эл алдында айтаберсе жакшы коросунбу ошо адамды
+5
Muslim.azamatovich
2020-02-01 19:42:46
Кемсинтууго болбойтда ,,,баарыбызды бир кудай жараткан
+12
AykaMer
2020-02-02 12:21:24
Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө деген ушул да. Анын семиздигин элге айтып не кылат десең,айтпаса деле көрүнүп турат. Мына эми тилинин айынан өлүп деле калды.Берки намыстанды да,баарибир эркектик намыс жол бербейт да бирөөнүн алдында кемсинип жатса.Короче жаман болуптур... өлтүрбөй эле жөн эле коркутуп койсо кандай болмок эле,ким билет эми,..
+3
voennyi88
2020-02-02 13:30:57
Эми арыктайт экенда.
0
brentfo
2020-02-02 15:30:31
Биздин айылдада пилдер гөп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан