Индия тургуну 20дан ашык баланы үйүнө кызынын туулган күнүнө алдап чакырып, барымтага алган

Субхаш Батхам аттуу Индия тургуну 20дан ашык баланы барымтага алып, 10 саат бою полиция кызматкерлери менен сүйлөшүү жүрүп, операциянын аягында өлтүрүлгөн. Бул тууралуу BBC маалымат агенттиги жазып чыкты.

Индиянын Фаррукхабад шаарынын тургуну, мурун адам өлтүрүү боюнча соттолгон Субхаш Батхам 20дан ашык баланы кызынын туулган күнүн өткөрүп берем деп алдап үйүнө чакырып, барымтага алган. Алардын катарында бир жашар кызы менен жубайы да болгон. Ал эми балдардын жаш курагы алты айлыктан баштап 15 жашка чейин, айрымдарын апалар коштоп келген. Коноктор үйгө кирери менен Батхам эшикти жаап, аларга курал такаган.

Туулган күнгө деп кеткен балдар үйүнө кайтар убакытта келбей жаткан учурда жакындары Батхамдын үйүнө барышат. Бирок ал эшикти ачпай, колго жасалган жардыргычты ыргытып, жакындоого аракет кылгандарга ок чыгарган. Андан айыл тургуну жана полиция кызматкерлери жаракат алышкан.

Полиция 10 саат бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, багынып берүүнү талап кылган. Алардын аракети ишке ашпаганда атайын дайындалган аскер кызматын чакырышкан. Аскер кызматкерлери үйгө бастырып барганда атышуу орун алып, Субхаш Батхам атып өлтүрүлгөн. Балдардын баары куткарылып алынгандан кийин анын аялын эл ташбараңга алган.

"Ал адам өлтүрүүгө шектелип кармалышына жергиликтүү тургундарды күнөөлөгөн жана ошол жол менен алардан өч алууну ойлогон" деген журналист Кумар Шривастава.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kattaldym
2020-02-02 09:12:08
Адам өлтүрүүгө кылмышы боюнча соттолгон...
+1
tina-Tin
2020-02-02 10:29:07
Аялында эмне куноо. Аны куйоосу мажбурлаган болушу мумкун.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан