Кытайдан чыккан коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясына чектеш Хунань провинциясынан куш тумоосу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын Айыл чарба министрлигинин берген маалыматына таянып жазып чыгышты.
Кытайдын Хунань провинциясында кезинде дүйнөнү коркунучка кептеген куш тумоосу кайра катталды. Окуя Шаоян шаарындагы Шуанцин районундагы фермалардын биринде аныкталган. Фермадагы 7850 бройлер-жөжөлөрдүн 4500үн куш тумоосу каптап, өлгөн.
Жергиликтүү бийлик вирустун тарап кетүүсүнүн алдын алып, 17 миң 800 үй канаттууларын жок кылышкан. Азырынча сасык тумоону жуктурган адамдар тууралуу маалымат жок.
Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты коргоо уюмунун билдиргенине караганда, алгачкы жолу 1997-жылы Гонконгдо адамдардын куш тумоосун жуктурганы аныкталып, 6 киши каза болгон. Вирус 2003-жылы кайра козголуп, 2014-жылга чейин вирус 15 өлкөгө тарап, 392 адамдын өмүрүн алган.