Көзү көрбөгөн кишини унаа сүзүп кетип, көрүүсү калыбына келген

Польшада көзү көрбөгөн адамды автоунаа сүзүп кетип, анын көрүүсү кайра калыбына келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Польшалык Януш Горай 20 жыл мурун аллергиядан улам көзүнөн айрылган. Аллергиядан улам анын оң көзүнүн чел кабыгында маселе жаралып, сол көзү жарык менен келбетти гана айырмалай билчү. Бир күнү ал жөө жүргүнчү өтчү жол менен кетип баратканда автоунаа сүзүп кетип, санына операция жасаткан. 2 аптадан кийин Януш Горай көзү кайра мурункудай жакшы көрүп калганын билдирген. Андан сырткары, кыска аралыкта анын кырсыктан алган бардык жаракаттары айыгып кеткен. Дарыгерлер мындай укмуштуу көрүнүш анын ичкен дарыларынын кыйыр таасиринен болушу мүмкүн деген вариантты караган. Ал эми Януш автокырсыкта ал башы менен биринчи капотко, андан соң асфальтка тийгени үчүн көрүүсү калыбына келгенин айткан.

Дарыгерлер мындай кереметтин так себебин аныктоо үчүн изилдөө жургүзмөй болушканда Януш Горай катышуудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bazana
2020-02-02 13:30:38
Дуйнодо биринчи адам болсо керек,машине сузгонуно кубанган.
+29
Kattaldym
2020-02-02 13:36:58
Көз көрбөгөн адамды эмес, көзү көрбөгөн адамды дегилечи. Человек невидимка кылып салыптырсыңар го...
+14
talaa11
2020-02-02 14:41:12
Корейский кинодо ушундай окуя болгон бир кызды машина сузуп кетип откон жашоосун унутуп калат эч кимди тааныбай анан бир канча жылдан кийин дагы машина сузгондо анан баары эсине келетго ошондой болуптурда
+1
tina.kg
2020-02-03 12:26:42
talaa11, кинонун аты эмне
0
Azat.1996
2020-02-02 20:34:32
Сүзүп кеткен айдоочуну сотко бербей эле, подарка берет экен да эми, бул жагы өзүнчө эле Индийский кино
+4
ZUXRIDDIN20
2020-02-02 21:04:44
Менида сузуп кетип козум зренясы жакшыланса кана
-2
bond02
2020-02-03 00:09:37
Эбепке себеп болуптур да.
+4
nazarnew
2020-02-03 12:12:11
Эми биздин врачтар көрлөрдү эми чудо болот деп машинага сүздүрүп чыкпаса экен.
0
raikakyz
2020-02-03 12:15:32
Аллахтын кудурети кучтуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан