"Эки буту жок киши ооруканада жөрмөлөп жүрөт". Башкортостанда тартылган видео талкууга түштү

Социалдык тармактарга эки буту жок кишинин оорукананын коридорунда жөрмөлөп жүргөн видеосу тарап, катуу талкууга түштү.

Маалыматка ылайык, видео Башкортостандын Иглин районундагы ооруканада тартылган. Анда пациент медициналык кызматкерлер менен сүйлөшүп, пациенттер кандай абалда жатканын көрсөткөн. Андан сырткары видеодон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир пациент полдо жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору ооруканада эмнеге мындай абал деп сураганда медицина кызматкерлеринин бири: "Бизде жалгыз санитар кызматкери иштейт. Ал баарын караганга үлгүрбөйт", - деп жооп берген.

Башкортостандын Саламаттыкты сактоо министри Максим Забелин окуя боюнча пикирин билдирди. "Бул окуядан кабатыр болбоңуздар, биз териштиребиз. Мен мындай учурларга көз жумуп койгон эмесмин, көз жумбайм дагы", - деп билдирген.

Башкортостандагы ооруканада буту жок пациенттин жөрмөлөп жүргөн видеосу талкуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurda00
2020-02-03 14:34:49
Кыргызга орусча кошуп суйлобосон тушунбойт деп орусчалап жазып атасынарбы "пациент" деп?
0
mbk
2020-02-03 17:31:49
Анан дагы Инглинск эмес Иглинск экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан