"Victoriaʼs Secret" брендинин жүзү болгон моделдери мурунку жетекчисин сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып чыгышты

Айтылуу ич кийимдер көргөзмөсү менен таанылган "Victoriaʼs Secret" брендинин көшөгө артындагы сырлары ачыкталууда. Брендди жетектеген "L Brands" компаниясынын маркетинг боюнча мурунку жетекчиси Эд Разекти моделдерге, кызматкерлерге карата сексуалдык ыдык көрсөткөн, коркуткан деп айыпташууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Victoriaʼs Secret" брендинин учурдагы жана мурунку кызматкерлери, моделдер болуп 30 кыз Разектин коркутуп, сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасап келгенин айтып чыгышкан. Кейси Кроу Тейлор аттуу компаниянын коом менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн кызматкери: "Ал бизди сөгүп, басынткан учурлар болгон. Бул кадимки көрүнүш катары кабыл алынчу. Эгер кимдир бирөө чара көрүүгө аракет кылса, сөзсүз жазаланчу", - деп билдирген. Ал эми модель Алисса Миллер "Мен сени бар кылам же жок кылып салам деп коркутчу" дейт.

Разектин мындай жоруктары тууралуу "L Brands" компаниясынын негиздөөчүсү Лесли Векснер кабардар болчу, бирок эч кандай чара көрбөгөн дешет кызматкерлер.

Разек болсо бул маалыматты четке кагып: "Бизде эки тараптуу сый-урмат бар. Мен дүйнөгө таанымал моделдер менен иштешип, сый мамиледе калганыма сыймыктанам. Ал эми мен тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Glucke
2020-02-02 16:46:03
Коом менен байланышкан эмес, коом менен байланыш болуму болуп жазылат.
+1
Tyty1990
2020-02-02 18:14:18
Ыдык деген эмне
0
guard
2020-02-02 21:20:55
Tyty1990,ыдык деген кордуктап, кемсинткен деген мааниге узонгулош)))
0
bond02
2020-02-02 20:11:52
Аты эле айтып турбайбы секрет деп.
0
AksyKum
2020-02-02 21:28:20
Периштелер эмей эле Шайтандарго
+7
Belek1710
2020-02-02 22:59:17
Эмнеси болсо да Эд жыргаптыр да
+3
Azatbek.Svoboda.
2020-02-03 11:55:28
Туура кылат бул шайтандарга ушулда аздык кылат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан