Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык аймагында медайым оор кылмыш кылган деп айыпталууда. Ал 5 ымыркайды ууландырып өлтүрүүгө аракет кылган.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 2019-жылдын 20-декабрында Ульм шаарындагы университеттик бейтапканада жаткан 5 ымыркайдын дем алуусу начарлап кеткен. Наристелерди дароо эле бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Алардын үчөөнө жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган. Дарыгерлер наристелердин дем алуусу эмнеден улам начарлап кеткенин аныктоого аракет кылышып, балдардын заарасында морфий (курамында баңги заты бар ооруну басаңдатуучу зат) бар экенин аныкташкан.
Бул окуяны иликтөө үчүн укук коргоо кызматкерлери 20-декабрда нөөмөттө турган 4 медайымды суракка алган. Андан кийин медайымдардын иш орундарын карап, морфий менен сүттүн аралашмасы бар ийне табышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө медайым ымыркайларды атайылап ууландармакчы болгону айтылган, бирок ал өзүнө карата коюлган айыптарды четке кагууда.
Ульм шаардык соту тергөө аягына чыкканга чейин медайым абакта калат деген чечим чыгарган.