Диктор Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиеванын үйүндө толуктоо орун алды. Түгөйлөр бүгүн, 3-февралда кыздуу болушканы Мирзат мырзага байланышканыбызда белгилүү болду.
"Жубайым Айзуура Бишкектеги №2 төрөт үйүндө кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Өзүм дагы эне-баланы көрө элекмин. Төрөтканада карантин жарыяланган экен, палатага кире албай турам. Буюрса, кызыбызга ысымды балдызым Сезим ыйгарат. Ал кандай ысым даярдап койгону белгисиз", - дейт экинчи ирет ата болгон Мирзат Муканов.
Түгөйлөр 2017-жылы 11-сентябрда уулдуу болушкан.