Бүгүн сотто Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Канат Сагынбаев, Мээрбек Мискенбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчү каралат

Бүгүн, 3-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуя боюнча кармалган бир катар адамдардын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу сунушун караган соттук отурум өтөт. Бул тууралуу КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Ага ылайык, жогоруда аты аталган адамдар СИЗО-1де. Аларга тергөө абагына алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тергөөчүлөр жана прокурорлор сотко аларды тергөө абагында кармоону дагы 2 айга узартуу өтүнүчүн келтиришкен. Сот бүгүн саат 15:00дө бул өтүнүчтү карайт. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын да үй камагындагы бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн ушул жылдын 9-апрелине чейин узартуу сунушун киргизишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2020-02-03 12:35:56
Булар ошол жакта отуруп элге булук салган кандай болоор экенин жон тери менен тушунуусу керек.
+4
Jaznura
2020-02-03 12:36:28
Убагын узарта бербей өкүм чыгара турган мезгил келди окшойт.
+3
altyn-kumush
2020-02-03 12:40:49
Кылмышкерлер жооп бериши керек отунуч кылып отура бербей. А Кундуз айым болсо бойроктон шыйрак чыгарганга эле кыйын
+1
rysik79
2020-02-03 13:09:04
Булардын баары оздору суранып, жалынып жатып камалышкан. Камалсам эле рейтингибиз которулот деген ойдо киришкен. Эл билет баааарынды. Эч бир пайдасы жок пайдасыздар. Сизодо деле жалко буларды баккан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан