Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Соттук отурумдун башында жактоочу "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовдун ооруп жатканын айтты. "Авазов өткөн аптадан бери ооруп жаткан, биз буга байланыштуу УКМКнын медициналык персоналын өткөн бешинчи күндөн бери издеп, таппай койдук. Андыктан процессти жылдырууну суранабыз", - деди жактоочу.
Ал эми судья Ирина Воронцова айыпталуучунун ооругандыгы тууралуу аныктамасы жок болгондуктан, отурумду жылдыра албай тургандыгын айтты. Салайдин Авазов чындыгында өзүн жаман сезип, ооруп жатканын билдирди.
"Урматтуу судья, мен калп айтпайм, дарыгерге көрүнөйүн десем, алар бешинчи күндөн бери жок болуп жатат", - деди ал.
Судья "Тез жардам" кызматын чакырууну сунуш кылды. Жактоочу Теишова "Тез жардам" кызматын чакырып, тыныгуу жарыяланды.