Улуттук Олимпиадалык комитетинен 2 спортчу айына 1 жарым миң доллардан стипендия алышат

Кыргыз өлкөсүнүн 2 спортчусу Тариэл Жаркымбаев жана Максим Гордеев Улуттук Олимпиадалык комитетинен айына 1 жарым миң доллардан стипендия алышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук Олимпиадалык комитетинин коом менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Медер Сталбек билдирди.

"Бул стипендиялар биздин 2 спортчубузга 2019-жылдын ноябрь айынан баштап берилип келет. Стипендия спортчуларыбызга дем берүү жана алардын алдыдагы 2022-жылы өтө турган кышкы олимпиада оюндарына лицензия утууга даярдыктарына жардам катары берилет. Спортчуларыбыз 4 ай сайын бизге келип кандай жерде, кантип даярданып жатышкандыгы тууралуу отчёт берип турушат. Кокус спортчуларыбыз жаракат алып калышса, ушул стипендиянын негизинде дарыланышат", - деп билдирди ал.

Тариэл Жаркымбаев лыжа менен жарышуу түрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону. 2017-жылы өткөн Азия оюндарынын жана 2018-жылы өткөн "Пхёнчхан 2018" кышкы олимпиада оюндарынын катышуучусу.

Максим Гордеев тоо лыжа спортунун слалом жана гигант слалом түрү боюнча көптөгөн эл аралык турнирлердин жана 2017-жылы өткөн кышкы Азия оюндарынын катышуучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2020-02-03 18:16:06
Элге берген куруттан Айсулууну неге унуткан!
+5
Center
2020-02-03 18:25:29
Бул лыжалар эч кандай жыйынтыгы жок спортчулар, буларга эмнеге бересиңер.
+4
Eden-Hazard
2020-02-03 19:32:51
Тариел деген 2018жылы 80 олкодон 79чу келген. Ал татыксыз эле. Андан Коро башка спортчуларга бериш керек
+3
Nurik1988
2020-02-04 03:19:58
Булда бир атка минердин баласы да, калган алтын алып келген спортчуларбыз карапайым элдин баласы акчасы жок
0
katerina.li
2020-02-04 18:03:04
Айсулууга беришсе болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан