Бүгүн, 3-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуя боюнча кармалган бир катар адамдардын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу сунушун караган соттук отурум өтмөк. Анда Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Канат Сагынбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев жана Рыспек Карыпбек уулунун баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчү каралмак. Сот отуруму саат 15:00гө белгиленген. Соттун имаратына тергөө абагында жаткан жогоруда аты аталган адамдардын жакындары топтолушту. Сот отуруму белгиленген убакыттан 1 сааттан ашык убакыт өтсө дагы баштала элек. Азырынча мунун себеби белгисиз.