8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулаган. Такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болуп, баары каза болушкан.
Иран бийлиги учак кырсыгында жакындарын жоготкон украиналык 11 үй-бүлөнүн ар бирине 80 миң доллардан (5 миллион 588 миң сом) компенсация төлөп берүү сунушун айтты. Бирок мындай суммага Украинанын президенти Володимир Зеленский макул болгон жок. Бул тууралуу ал жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатканда айтты.
"Иран каза болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 80 миң доллар төлөп берүүнү сунуштады. Бирок биз макул болгон жокпуз. Менимче, бул каражат аздык кылат. Маркумдун жубайы жумушу жок экенин, күйөөсү үй-бүлөнү баккан жалгыз адам болгонун айтат. Баласы чоңойгондо жогорку окуу жайда билим алышы керек да", - деди ал.
Украинанын президенти бул иш боюнча Эл аралык сотко кайрыларын кошумчалаган. "Кандай болгон күндө деле Эл аралык сот болот, компенсация төлөнөт. Украина мамлекети тарабынан жоготууга учураган үй-бүлөнүн ар бирине 200 миң гривна (560 миң 35сом) берилген. Мындан тышкары, авиакомпания дагы компенсация төлөйт", - деген президент.
Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 180 жүргүнчү бар экендиги айтылган. Кийин такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болгондугу белгилүү болду. Жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Алардын арасында Ирандын 82 жараны, Канаданын 63 жараны, Улуу Британиянын 3 жараны, Германиянын 3 жараны, Швециянын 10 жараны, Ооганстандын 4 жараны жана Украинанын 11 жараны (алардын 9у экипаж мүчөлөрү) бар экендиги аныкталган.
Кийинчерээк Иран Украинага таандык Боинг 737 учагын кокустан атып түшүрүп алганын моюнга алган.