Валентина Шевченко: "Кэтлин Чукагян менен жеңиш үчүн беттешем"

Кечээ, 2-февралда UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко атаандашы Кэтлин Чукагян менен көз караш дуэлине чыккан. Шевченко маалымат жыйында бул беттешке жеңиш үчүн гана чыгарын айтып өттү.

"Бардык атаандаштарым беттеш алдында мен алардай мушкерлер менен беттешпегенимди айтышат. Кэтлин ар тараптуу өнүккөн мыкты мушкер. Анын соккусу да абдан жакшы. Бул мен үчүн маселе эмес. Мен атаандашымдын эң мыкты формада чыгышын каалайм. Мен бул беттешке жакшы даярдандым жана беттешке көңүл ачуу үчүн чыкпайм, жеңиш үчүн гана чыгам", - деп билдирген Валентина Шевченко.

Валентина Шевченко менен америкалык Кэтлин Чукагяндын беттеши 8-февраль күнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында өтөт. Бул беттеште Шевченко чемпиондук наамын коргомокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2020-02-03 20:51:34
Алга Валя!
+8
aerforce
2020-02-03 22:03:06
Валюша сен биздин сыймыгыбызсын сенден 100 пайыз жениш кутобуз сага биз ишенебиз
+6
Shef87
2020-02-03 22:33:31
Валя жыртат
+5
Muslim.azamatovich
2020-02-04 02:18:55
Ийгилик Валя!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан