Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуя боюнча кармалган адамдардын баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчү каралмак. Алар: Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев жана Рыспек Карыпбек уулу. Сот отуруму саат 15:00гө белгиленгенин КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдаган эле. Бирок саат 19:00 болсо да отурум башталган жок.
Соттун имаратына тергөө абагында жаткан жогоруда аты аталган адамдардын жакындары келген. Арасында Талас, Ысык-Көл облусунан келишкен. Топтолгон эл отурумдун башталбай жатканына нааразы болушууда. Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы расмий маалымат таратып, анын себебин түшүндүргөн жок. Байланышканыбызда жактоочулар туура эмес убакытты айтышкан деди. Ал эми жактоочулар аларды тергөөчүлөр саат 15:00гө чакырышканын билдиришти. Учурда сот залына киребиз деген элди департаменттин кызматкерлери киргизбей, ызы-чуу жаралууда.