Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды

Кечээ, 3-февралда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды.

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.

"Мен дагы бир жолу Ак Үй тарап бизден катуу коркоруна ишендим. Бизди 3-февралда Биринчи Май райондук сотуна алып келип, унаанын ичине 3 сааттан ашык убакыт бою кармап отурушту. Алар атайын сотту кеч баштады. Себеби алар журналисттер менен келген адамдар кетип калышын күтүштү. Бизди спецназдар кайтарып турушту, ошондой эле ЖАМКдан дагы тийиштүү кызматкерлер келишти. Журналисттерге жана досторума рахмат", - деп жазылат Канат Сагымбаевдин билдирүүсүндө.

Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.

Түн жарымда Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасы каралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2020-02-04 09:31:07
Кызматтын так аткарган эмес бул.
-9
Jaznura
2020-02-04 09:34:27
Бул деле Атамбаевдин жанында отуруп алган эле. Балким Усөнбек Ниязовдун өлүмүнө да тиешеси бар чыгар.
-8
Alimbek1000
2020-02-04 09:38:54
Бул террористтердин орду камакта!
-10
erlan2196
2020-02-04 09:47:29
Сооронбай Жээнбеков дагы камалыш керек.
+7
gitaris93
2020-02-04 10:10:14
erlan2196,туура жээнбековтор баары камалсын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан