Кечээ, 3-февралда экс-депутат Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды.
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.
14-декабрь күнү саясатчы Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин "барымтага алуу", "массалык баш аламандык уюштуруу" жана "бийликти күч менен басып алуу” боюнча айып коюлуп, эки айга камакка алынган.