Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Сауд Арабиясын жеңип алды

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы жолдоштук беттештин биринчи оюнунда Сауд Арабия курамасын жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымдады.

Оюндун биринчи бөлүгү 2:2 эсеби менен аяктап, экинчи бөлүктө кыргыз курамасы катары менен 3 гол киргизди. Жыйынтыгында оюн 5:3 эсебинде кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады. Экинчи оюн 5-февраль күнү болот.

Маалыматка ылайык, бул 2 жолдоштук беттешке башкы машыктыруучу Амиржан Муканов жалпы 17 футзалчыны чакырган. Жолдоштук беттештер быйыл Ашхабадда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык катары болмокчу.

Голдор: Шохрух Махмадаминов (8-мүнөттө), Улан Байгазы уулу (15-мүнөттө), Максат Алимов (26-мүнөттө), Алимов (26-мүнөттө), Улукбек Абдылдаев (32-мүнөттө).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beka19
2020-02-04 15:25:08
Азаматтар!!! футболчуларыбыз дагы ушундай ойношсо жакшы болмок
0
Aikaaaa
2020-02-04 20:46:02
Оо арабдарды ошентип жеңгиле, азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан