Кечээ, 3-февралда Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 9-апрелине чейин узартылды.
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов 8-августта камакка алынган. Ал "барымтага алуу", "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда.