Жактоочу: "Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасы түнкү саат бирге чейин каралды"

Кечээ, 3-февралда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуя боюнча кармалган адамдардын баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчү каралды.

Анда Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, экс-депутат Равшан Жээнбековго, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге, жарандык активист Фархат Баабиевге жана айдоочу Рыспек Карыпбек уулуна карата камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 9-апрелине чейин узартылганы угузулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, саат 15:00гө белгиленген соттук отурум кечки 19:00дө башталган.

"Процесстин жүрүшүндө Рыспек Карыпбек уулунун жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти башка сотко өткөрүп берүүнү талап кылды. Бирок кеңешүүдөн келген сот жактоочунун талабын канааттандырган жок. Ошону менен процесс түнкү саат 01:30да аяктады", - дейт жактоочу.

Түн жарымда Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасы каралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2020-02-04 10:57:54
Туну менен Кой-Ташта буканын этин жеп концерт койгондо тун дебединер эле го.
-3
Alimbek1000
2020-02-04 10:58:48
Кой-Таш окуясын уюштургандар түнкү бирге чейин эмес таңкы 9га чейин уктабай элдин тынчын алып жүрүштү го. Анын адында бул эчтеке эмес. Алар ошого татыктуу!
-3
Jaznura
2020-02-04 11:01:15
Булар Кой-Ташта жүргөндө түн-күн дебей бакырып жүрдү эле го.Эми түнгө чейин деп калдыңар.
-3
chake
2020-02-04 11:36:20
Букриктерди эркелетпей жазага тарткыла
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан