Криштиану Роналду футбол тарыхында эң көп гол киргизген үчилтикке кирди

Португалия курамасынын жана Италиянын "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду футбол тарыхындагы расмий оюндарда эң көп гол киргизген оюнчулардын ичинен 3-орунга жайгашты. Бул тууралуу "ТАСС" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү Италия чемпиондугунда "Ювентус" командасы өз үйүндө "Фиорентина" командасын кабыл алган. Бул оюнда Роналду 2 гол киргизип, өзүнүн карьерасындагы 721-722-голун жараткан. Бул көрсөткүчү менен ал буга чейин 3-орунда жайгашкан германиялык Герд Мюллерди (720 гол) ашып өттү.

Футбол тарыхындагы расмий оюндарда эң көп гол киргизген оюнчулар: Пеле (Бразилия) 767 гол, Ромарио (Бразилия) 734 гол, Криштиану Роналду (Португалия) 722 гол, Герд Мюллер (Германия) 720 гол, Ференц Пушкаш (Венгрия) 706 гол, Лионель Месси (Аргентина) 705 гол.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан