Суктанууну жаратып, сынга да кабылды. Женнифер Лопес менен Шакиранын чогуу ырдаган видеосу талкуу чордонунда

Голливуд жылдызы Женнифер Лопес менен колумбиялык ырчы, бийчи Шакиранын чогуу ырдаган видеосу талкуу жаратууда. Жылдыздар Майамиде өткөн америкалык футбол боюнча Супер Кубоктун (Super Bowl 2020) финалынын тыныгуу маалында чогуу ырдашкан.

Стадионго алгач Шакира чыгып 2000-жылдан бери популярдуу болгон чыгармаларын аткарган. Андан кийин стадионго Женнифер Лопес чыккан. Концерттик программанын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Женнифер Лопестин кызы Эмма ырдап, кийин жылдыздар бийи менен шоуну аяктаган. Видеонун социалдык тармакка жүктөлгөнүнө 2 күн болду. Бул аралыкта видео 57 миллионго жакын кароо топтоду.

Спорт сүйүүчүлөрү ырчылардын сахнага чыкканын анчейин деле жактырышпай, тескерисинче нааразы болушту. Алардын айтымында, ырчылардын ачык кийимдери жана уяттуу жерлерин жашырбай кыймылдаганын камера аябай жакын алып көрсөткөн. "Мындай көрсөтүүнү үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу көрө албайсың", "Бул эки жылдызды аябай жакшы көрөм, бирок бийлегендери бүгүнкү иш-чарага дал келбейт" деген пикирлерин калтырышкан.

Ошентсе дагы 50 жана 43 жаштагы айымдар үчүн мындай шоу көрсөтүү көпчүлүктү таң калтырып, суктанууну жаратты.

Америкалык футбол боюнча Супер Кубоктун финалы 2-февралда өтүп, "Сан-Франциско Форти Найнерс" жана "Канзас-Сити Чифс" командалары беттешти.

Женнифер Лопес менен Шакиранын чогуу ырдаган видеосу талкуу чордонунда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Dembele84
2020-02-04 14:14:33
Дайыма эле жарым жыланач ырдап чыгат го булар,жанылык деле эмес.
+10
Azizbek_Musabekovich
2020-02-04 14:40:05
кимиси утту ошону дагы жазып койсонор жакшы болмок экен
0
Mystery
2020-02-04 15:11:03
На одном дыхании кордумго, укмуш энергиялары деги картайышпайтго. Браво
+9
Belek1710
2020-02-04 15:15:29
Фигурасын карагыла 50дөн ашса дагы 20дагыдай.
+6
Makain
2020-02-04 15:45:50
Азаматсын эзипсиң апче
+2
Wibee
2020-02-04 16:00:28
Булардын мынталитети ушундайда бала төрөшбөсө бала бакбаса толька өзлөрү кчүн жашашат а биздин 50гү апалар бели бекчейип көзү чекчейип 7 8 ди төрөшүп баатыр эне.
+1
deva
2020-02-04 18:10:44
Вообще супер концерт болуптур. Энергиясы ашып-ташат го. Терс сын айткандар, биринчи силер ушулардыкындай фигурага ээ болгула, май баскан ичинерге кубиктерди чыгаргыла, анан жазгыла макулбу?
+3
Asianna---
2020-02-04 18:39:29
Оооооо просто слов нет
+2
WISH
2020-02-04 22:03:50
Ой алтышкалар десе.
0
ona
2020-02-04 23:52:44
Сонун ырдап-бийлешиптир, накта шоу болуптур. Картайды дегенге эрте. Студент кезимди эстедим. Жарым жыланач мурунтан эле кийинчу, жанылык эмес.Залдагы энергетикачы, укмуш!
+1
Samina007
2020-02-05 01:44:49
Мындай овация,жасалга сексенге чыккан адамды деле ырдатып бийлетет. Леди Гага Кети Пери ващще сонун бийлешиптир. Мен баардык видеосун көрдүм алардын. Сөз жок
+2
Stervashka
2020-02-05 06:22:34
Шакира молодец, он сегиз жаштагыдай бийлептир. Эч качан ой кетпейт аны 43жашта деп. Картайбасын эч, ещё эки кыздын энеси уй булолуу! Аябай суктандым и дагы да суктана турган айым!
0
aika1983
2020-02-05 14:29:27
Молодцы!!! Супер!!! Кийимдери эми оздорунун менталитетине туура келсе кийе берет да. Мындай музыкага ушинтип бийлеш учун да ынгайлуу кийим болуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан