Футбол боюнча Япония курамасынын коргоочусу Мая Йосида Англиянын "Саутгемптон" клубунан Италиянын "Сампдория" клубуна ижара иретинде өттү. Бул тууралуу "Сампдория" клубунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Мая Йосида Япония курама командасынын капитаны. Япония курама командасы футбол боюнча 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү менен чогуу F тайпасында жайгашкан.
Мая Йосида 2019-жылы Бишкекте өткөн Кыргыз-Япония беттешинде негизги курамда оюнга чыккан.