Жалал-Абад. 105 адамга ылайыкталган жаңы СИЗО курулууда
Жалал-Абад шаарына жаңы СИЗОнун имараты курулууда. Маалыматты бүгүн, 21-августта Жалал-Абад ШИИБинин башчысы Нурдин Насыркулов билдирди. 105 адамга ылайыкталган жаңы имарат 2014-жылы ишке берилет. "Учурда курулуш иштери бүтөйүн деп калды. Мекеме ишке кирсе жаңы иш орундары пайда болот. Канча кызматкер жумушка алынары азырынча белгисиз",- дейт Насыркулов. СИЗОнун курулушун эл аралык уюмдар каржылап жатыптыр.