Кенияны 24 жыл аралыгында башкарган экс-президент Дэниэл арап Мои 95 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Дэниэл арап Мои 1978-жылдан 2002-жылга чейин өлкөнү башкарган. Анын өлүмүнүн себептери так айтылган эмес. Болгону саясатчы өзүн жаман сезип, бир канча айдан бери ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон деп жазылат маалыматта.