"Неман" клубунун башкы машыктыруучусу Игорь Ковалевич Гүлжигит Алыкуловдун "Кайрат" клубуна өткөндүгү тууралуу "Pressball.by" гезитине маалымат берди.
"Гүлжигит Алыкуловго "Немандан" башка көп жакшы сунуштар түштү. Алардын арасынан Гүлжигит "Кайрат" клубун тандады. Биз Гүлжигитке "Немандагы" оюну үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мүмкүн алматылыктар ага олуттуу каржы келишимин сунуштагандыр", - деп билдирген машыктыруучу.
Маалыматка ылайык, Гүлжигит Алыкулов беларустук "Неман" клубунан казакстандык "Кайрат" клубуна ушул жылдын январь айында өткөн.