Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы борбордук көчөгө жарыктандыруучу лампалар тагылды. Узундугу 2 чакырым болгон көчөгө тагылган 50 лампага 175 515 сом жумшалды. Мындан сырткары Мамырова көчөсүнө да 47 лампа коюлары күтүлүүдө. Шаардык свет башкармалыгы бул иштер эгемендүүлүк майрамына чейин бүтө турганын кабарлоодо.