Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар: "Биздин соттук процесстер күндүз жана журналисттердин катышуусунда өтүшүн талап кылабыз"

Бүгүн, 4-февралда Кой-Таш окуясына байланыштуу айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Карыпбек уулу Рысбек жана Фарид Ниязовдун атынан коомчулукка кайрылуу жарыяланды. Алар сот жана укук коргоо органдары тарабынан басым жасалып жатканын билдиришет.

"ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери бир тараптуу, бурмаланып, жалган уюштурулган көрсөтмөлөр менен коштолууда. Тергөө менен кызматташуу деген шылтоо менен ИИМ бийликтин саясий оппоненттерин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарын камады. Биздин бардыгыбыздын сотторубуз жабык, жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилбестен өтүүдө.

Соттор биздин соттук процесстерибизди түнкү саат 1ге чейин өткөрүүнү өнөкөт кылып алды. Биз соттун күндүз жана журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшүн талап кылабыз. Ак экенибизди ачык соттор аркылуу далилдейбиз", - деп жазылат кайрылууда.

Кечээ, 3-февралда Биринчи Май райондук сотунда жогоруда аты аталгандардын бөгөт чарасы каралып, алардын баары 9-апрелге чейин камакта калтырылган.

Түн жарымда Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасы каралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jaznura
2020-02-04 15:14:56
Буларга тим койсоң жөн эле актап жибергиле да дейт.
-1
chake
2020-02-04 15:16:37
силерге түндөсү жакшы кой ташта деле түндөсү вальс бийлеп көп иштер болгон дейт го
-2
Alimbek1000
2020-02-04 15:16:46
Мээңер менен куруп калгыла! Кой-ташта тайраңдап ырдап, билеп жүргөндө журналисттерди киргизбей, суракка чакырып барган ИИМдин орун басарын киргизбей өзүңөрчө кыйын болдуңар эле го. Журналисттерди жакадан алып аттыңар го... Эми керек болллуп калдыбы силерге журналисттер?
-6
Absamat-90
2020-02-04 15:17:45
Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт болбогулачы.
-5
erlan2196
2020-02-04 18:13:17
Азыркы Сооронбай Жээнбековтун бийлиги бизге эч бир жакшылык алып келбейт.
+2
Mister-X
2020-02-04 18:42:53
erlan2196,Сага жакшылык жарашабы озу?
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан