Бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда КСДПнын өкүлдөрү Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчүн карай турган соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 16:00дө башталат.
Карамушкина менен Жолдубаевага "барымтага алуу", "баш аламандык уюштуруу" жана "күч менен бийликти басып алууну уюштуруу" боюнча айыптар коюлганы маалымдалган.