Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун "Сүйүү" аттуу ыры казак тилине которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы мырза төмөнкүдөй маалымат берди.
"Казак боордоштор акыркы кезде көп чыгармаларымды которуп, ырдап жатышат. "Сүйүү" аттуу ырымды жаңы чыгаргандан бери сурап жүрүшкөн. Жакында Назар Смагул аттуу казак ырчысы "Жаралы сезим" деп которуп ырдап чыкты. Назардын версиясы жакты. Боордоштордун менин эмгектеримди ырдап жаткандыгы мени кубандырат", - дейт Гүлжигит Сатыбеков.