Техас университетинин жатаканасында белгисиз адам ок чыгарып, эки аял каза болду

АКШнын Техас университетинин жатаканасына белгисиз жаран кирип ок чыгарган, андан 2 аял каза болуп, 2 жашар бала жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-февралда орун алган. Полиция кызматына окуу жайдын студенти байланышып, кампустун жатаканасында ок атуу болгонун айткан. Укук коргоо кызматкерлери университетке келгенде октон каза болгон 2 аялды жана 2 жаштагы жарадар баланы табышкан. Бала учурда ооруканада, абалы туруктуу деп айтылууда.

"Азырынча ок чыгарган адамдын өздүгү, эмне себептен кылмышка барганы жана каза болгондор университеттин студенттери болгонбу же жокпу так маалымат жок. Окуяга байланыштуу университетте 6-февралга чейин окуу, иш-чаралар токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан